2019-жылдагы орточо жылдык инфляция 4,6 пайыз деңгээлинде болгон – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 25.02.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2019-жылдагы орточо жылдык инфляция 4,6 пайыз деңгээлинде болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, жыл аягына чейин орточо жылдык инфляция 5,0 пайыз тегерегинде болуусу болжолдонууда.

"Негизги чен боюнча чечимдер инфляциянын деңгээлин жана орто мөөнөтүү мезгил аралыгында максаттуу көрсөткүчкө карата 5-7 пайыз деңгээлинде болжолдонуп жаткан инфляция динамикасын эске алуу менен кабыл алынат. Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрүн жана түзүлгөн ички шарттарды, ошондой эле орто мөөнөттүү мезгилде болжолдуу инфляциялык процесстердин динамикасын эске алып, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды", - деди ал.

Улуттук банк ички жана тышкы факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий