МСК: Салык төлөөчүнүн эсебинен карызды өндүрүү жаңы киргизилген жок

Экономика 0

Бишкек, 12.01.24./Кабар/. Салык төлөөчүнүн эсебинен карызды өндүрүү жаңы киргизилген жок жана жарандардын жеке эсептерине карата колдонулбайт, деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жакында эле маалымат агенттиктеринин бири социалдык тармактарда Салык кызматынын тараткан маалыматынын негизинде салык төлөөчүнүн эсебинен салык карызын өндүрүүнү жаңы ченем катары көрсөткөн видеону жарыялады.

Салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасын төлөбөгөн же толук эмес төлөгөн учурда, салык органы тарабынан банктагы эсептерден карыздарды өндүрүү жөнүндө (ыктыярдуу төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин) ченем салык мыйзамдарына ылайык 1996-жылдан бери колдонулуп келет.

Салыктык төлөм талабын коюу жолу менен салык төлөөчүнүн банктагы эсептеринен акча каражаттарын өндүрүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85-беренесине ылайык уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептерине гана жайылтылат. Белгилей кетсек, бул ченемжеке жактардын жеке колдонуучу эсептерине карата колдонулбайт.

Салыктык укук мамилелерин электрондук форматка өткөрүү максатында салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн "жеке кабинети" аркылуу салык төлөөчү мойнуна алган карызды төлөө жөнүндө билдирүүнү электрондук түрдө тапшырууга мүмкүндүк берүүчү система киргизилген.

Салык төлөөчүнүн "жеке салык кабинети" жок болгон учурда билдирүү кагаз түрүндө жеке өзүнө тапшырылат же почта кызматтары тарабынан салык төлөөчүнүн дарегине жөнөтүлөт.

Салык төлөөчү өзүнүн Cabinet.salyk.kg сайтындагы "жеке кабинетинен" карызы бар же жок экендигин өз алдынча текшере алышат.

Эскерте кетсек, буга чейин Салык кызматы салык төлөөчү мойнуна алган карызды белгиленген мөөнөттө төлөбөй коюу же толук эмес төлөө карыздын суммасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүп алууга алып келерин билдирген. Буга салык төлөөчүнүн банк эсебинен өндүрүү, салык постун орнотуу, чыгууга чектөө, соттук өндүрүп алуу жана башка алдын алуу чаралары кирет.

Пикир

Оставить комментарий