• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2024-жылы Кыргызстандын энергетика тармагына 55 млрд сом бөлүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. 2024-жылы Кыргызстандын энергетика тармагына 55 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы эки жылда бул тармак өз убагында каржылоонун аркасында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун акталышынын эсебинен карызын азайта алат.

"Бугүнкү күндө энергетика тармагынын бюджетке карызы дээрлик 146 млрд сомду түзөт", - деди министр.

Ошондой эле Бакетаев 2023-жылы капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 26 млрд сомдон ашыгыраак болгонун белгиледи. Кийинки жылы бул көрсөткүч сакталат.

"Биринчи этапта биз бюджеттен 8 млрд сом караганбыз. Бирок, бүгүнкү күндө Финансы министрлигинде бул көлөмдү көбөйтүүгө мүмкүндүк бар", - деди ал.

Ал бул каражаттар ошондой эле ирригациялык тармактарды каржылоого, суткалык жана он күндүк жөнгө салуу бассейндерин (БСР жана БДР) курууга, ар кандай тармактар ​​үчүн жабдууларды сатып алууга, ошондой эле банктарды жана бизнес түзүмдөрдү капиталдаштырууга жумшала турганын тактады.

Пикир

Оставить комментарий