• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖК төрагасы Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россиядагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.

Төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди. Алсак, аталган Ассамблеяга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Армения, Беларусь жана Тажикстандын парламенттери мүчө.

Эскерте кетсек, бүгүн Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындары өтөт.

Жыйынга катышуу үчүн барган делегациянын курамында депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

Пикир

Оставить комментарий