• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

2019-жылдын 9 айында экспорт 7,0% көбөйгөн, ал эми импорт 7,3% азайган

Экономика 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. 2019-жылдын тогуз айында экспорт 1965,5 млн АКШ долларын түзүп, 7,0%га көбөйгөн, ал эми импорт 4903,8 млн АКШ долларын түзүп 7,3%га азайган. Соода балансынын терс сальдосу 15%га азайган, бул экспортту көбөйтүү жана импортту азайтуу аркылуу соода балансынын жакшыргандыгын күбөлөндүрөт. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Өлкөдө импорттолгон товарлардын ордун алмаштыруу байкалууда, бул өзгөчө төмөнкү товарлардын түрлөрүнө карата: текстиль өнөр жайы (импорт 9,7 % кыскарган, экспорт 36,4 % өскөн, өндүрүү 15,7 % өскөн), териден жасалган буюмдар (импорт 2,1 эсеге кыскарган, өндүрүү 20,8 % өскөн), цемент (импорт 2,3 % кыскарган, экспорт 23,3 % өскөн, өндүрүү 3,9 % өскөн).

Пикир

Оставить комментарий