Салык кызматы беш айда 18,6 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Экономика 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы январь-май айларында 18 млрд 641,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, план 2,8 %га же 501,6 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 3 млрд 473,7 млн сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 122,9%).

Пикир

Оставить комментарий