• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек ара кызматынын экс-төрагасы Замир Молдошев каза болду

Коом 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Чек ара кызматынын экс-төрагасы, генерал-майор Молдошев Замир Мурзабекович каза болду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Молдошев 7-июнда 69 жаш курагында дүйнө салган.

Молдошев З.М. 1953-жылы 5-сентябрда Кыргыз ССРнин Ош облусуна караштуу (учурдагы Жалал-Абад) Сузак районундагы Октябрь айылында туулган.

Аскердик карьерасын 1971-жылы баштап, взводдун командиринен тартып, КР Чек ара кызматынын төрагасы кызматына чейин жеткен.

Пикир

Оставить комментарий