2019-жылы өлкөдөгү 113 айыл ичүүчү суу менен камсыз болот

Коом 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Жыл аягына чейин Кыргызстанда 44 айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ичүүсү суу менен камсыз кылуу департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда суу тартып келиш керек болгон 584 айыл бар. Ушул жылдын жарым жыл аралыгында 69 айылга ичүүчү суу тартылган.

Ал белгилегендей, ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен чечилип келет.

"Алсак, бизде 8 өнөктөш бар. Алар – Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам банкы, Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы, Швейцария Конфедерациясы, Европа биримдиги. Ошондой эле кайрымдуулук жана гуманитардык уюмдар бар. Негизинен араб өлкөлөрүнөн болушат", - деди ал.

Өлкөнүн бюджетинен 500 млн. сом каралып, 50 млн. сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий