• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

2020-жылдын 1-январынан тарта электрондук тамекилерге акциз салыгы салына баштайт

Экономика 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн ысытылган тамекиси бар буюмдарды картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктуктарга карата акциздик салыктын ставкалары колдонулаарын маалымдайт. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашты.

КР Салык кодексинин 287-бөлүмүнүн 1-бөлүгүнө ылайык акциздик товарлардын бул түрлөрүн өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар 2020-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин 1 килограмм ысытылган тамекиси бар буюмдарга – 610 сом, электрондук тамекилер деп пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктуктарга – 1 сом төлөшөт.

Мындан ары, 2021-жылдын ичинде ысытылуучу тамекинин 1 килограммы үчүн акциз салыгынын ставкасы 700 сом, электрондук тамекилерди пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктук үчүн 1,25 сом өлчөмүндө белгиленет. Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып тиешелүү түрдө 800 сом жана 1,5 сом болот.

Жогоруда аталган акцизделчү товарларды өндүрүүчү жана/же импорттоочу ишкер субъекттер КР мыйзамында бергиленген тартипте акциз салыгын төлөшү жана отчет бериши зарыл.

Эскерте кетсек, КР 2019-жылдын 14-июнундагы “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайыкташтарындаг тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктар товарлардын акцизделчү тобуна киргизилди. Үстүбүздөгү жылы жогоруда көрсөтүлгөн товарларга акциз салыгы салынган эмес.

Пикир

Оставить комментарий