Бишкекте репрессия учурунда курман болгондорго арналган илимий-практикалык конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Бишкекте 1938-жылы репрессияда курман болгон кыргыздын каймактарын эскерүүгө арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясы "Ала-Тоо" эл аралык университети менен биргеликте өткөргөн.

Конференцияга ИИМдин академиясы, "Ала-Тоо" эл аралык университети, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулук курамдарынын өкүлдөрү, курсанттар жана студенттер катышты.

Илимий иш-чаранын жүрүшүндө баяндамачылар "Кыргызстандагы репрессия: келечек муунга сабак", "1937-1938-жылдагы саясий репрессиялар жана анын азыркы учурдагы кесепеттери", "Көмүскөгө көмүлгөн кыргыз интеллигенциясы", "Улуттук баалуулуктарды коргогон инсандардын татаал тагдыры", "Кыргыз адабиятындагы репрессиянын чагылдырылышы", "Эгемендүүлүктү эңсеп атылган уулдар" жана башка конференциянын темасынын алкагында кеңири баяндама жасашты.

Пикир

Оставить комментарий