Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылдын декабрында коронавирус жуккандардын саны ноябрга салыштырмалуу 2,7 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча, 2020-жылдын декабрында жалпы республика боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 14 миңден ашык учур катталган.
2020-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны
(учурлар)
Бардыгы |
Калктын 100 миңине |
|||||
октябрь |
ноябрь |
декабрь |
октябрь |
ноябрь |
декабрь |
|
Кыргыз Республикасы |
13 035 |
14 056 |
13 705 |
202 |
218 |
212 |
Баткен облусу |
2 418 |
1 204 |
381 |
455 |
227 |
72 |
Жалал-Абад облусу |
2 506 |
2 272 |
834 |
204 |
185 |
68 |
Ысык-Көл облусу |
908 |
1 294 |
1 116 |
184 |
263 |
226 |
Нарын облусу |
113 |
218 |
165 |
39 |
76 |
57 |
Ош облусу |
2 508 |
1 335 |
469 |
185 |
99 |
35 |
Талас облусу |
359 |
517 |
214 |
135 |
195 |
81 |
Чүй облусу |
1 012 |
2 656 |
7 737 |
106 |
279 |
814 |
Бишкек шаары |
2 432 |
3 890 |
2 547 |
234 |
374 |
245 |
Ош шаары |
779 |
670 |
242 |
255 |
219 |
79 |
Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу катталган коронавирус инфекцияларынын санынын төмөндөгөнү республиканын Чүй облусунан башка бардык региондорунда белгиленди, ал эми Чүй облусунда катталган учурлардын жалпы санынын жарымынан көбүн (56 пайызын) түзүү менен алардын саны дээрлик 3 эсеге көбөйдү.
Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 2,7 пайызга төмөндөдү, ал эми октябрь айына салыштырмалуу, тескерисинче, 5,0 пайызга көбөйдү.
Калктын 100 миңине алганда коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны
Пикир
Оставить комментарий