• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда 2021-жылдын II кварталында жашоо минимуму 6,3 миң сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 14.07.21./Кабар/. 2021-жылдын II кварталында жашоо минимумунун чоңдугу 6 332,05 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 15,6%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бардык аймактарында II кварталда жашоо минимумунун өскөндүгү белгиленди.

Нет описания.

Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди, ага ылайык азык-түлүк товарларынын үлүшү (калк үчүн орточо) 65%ды, азык-түлүк эмес товарлар – 16%ды, кызмат көрсөтүүлөр – 17%ды жана салыктар – 2%ды түзөт.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий