• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Катар өнүктүрүү фондунун кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев Катар өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Халиф бин Жассим Аль-Кувари менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катар өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине токтолушту.

Тактап айтканда, Бишкек шаарында клиникалык тез жардам ооруканасынын кошумча имаратынын курулушу (жалпы суммасы 9,3 млн АКШ доллар түзөт) боюнча долбоор деталдуу түрдө талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында ортодо талкууланган маселелер боюнча мындан ары тыгыз координациялоону улантуу боюнча макулдашуу жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий