• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө баалары 7,1%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 7,1 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда тамак-аш азыктарына жана алкоголдуу ичимдиктерге ошондой эле алкоголсуз суусундуктарга жана тамекиге - 9,8 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга - 4,2 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери - 2,4 пайызга өсүүлөрү байкалды.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалды.

Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (8,2 пайыз) Нарын облусунда катталган, мунун себеби башка аймактарга караганда алкоголдуу ичимдиктерге жана тамекиге болгон баанын өсүшү (17,8 пайызга) менен түшүндүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий