• 87
  • 90.41
  • 0.84

2021-жылы кайсы унаа жолдордо курулуш иштери аяктады? Министрликтин жообу

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Транспорт жана коммуникация министрлиги өлкө аймагындагы унаа жолдордун кайсы бөлүктөрүндө курулуш иштери аяктаганы тууралуу билдирди.

Ага ылайык, Бишкек - Ош унаа жолунун 45,1 чакырымы болгон Бишкек - Кара-Балта тилкесинде (8,5-61 чакырым) бардык курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Ош - Баткен - Исфана унаа жолунун 75-108-чакырымдарын реконструкциялоо долбоорунун курулушу 2021-жылдын 15-октябрында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Узундугу 99 чакырым болгон Арал - Казарман тилкесинин (195-291 чакырым), альтернативдик Түндүк-Түштүк автожолунун жана эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу 2021-жылдын ноябрь айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

1-фазада Жалал-Абад - Казарман тилкесинде тоннель куруу иштери улантылып, үч чакырымга жакыны өздөштүрүлдү. Казуу иштери аяктап калды. Түндүк-Түштүк Балыкчы - Кочкор - Эпкин альтернативдик жолунун 3-фазасында өткөн жылы 13 чакырымга асфальт-бетон төшөлгөн. Бул жерде иштер уланууда, бүтүрүү 2023-жылга пландаштырылган.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 3-фазасы боюнча Дыйкан - Кызыл-Жылдыз тилкесинде (150-183 чакырым) өткөн жылы 10 чакырымга асфальт-бетон төшөлсө, быйыл 14 чакырымга асфальт-бетон төшөп бүтүрүү пландалууда.

Япон өкмөтү каржылаган Бишкек - Ош унаа жолунда жабык галереянын курулушу уланып, учурда 56% бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий