• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форуму аяктады

Коом 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-13-сентябрында Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форуму болуп өттү.

Форумдун негизги темасы: “Маданияттардын өз ара аракеттенүүсү аркылуу шериктештикке жана тынчтыкка карай”.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, форумга шериктеш мамлекеттердин илим, маданият жана билим берүү ишмерлери, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, мамлекеттер аралык түзүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Форум пленардык сессиялары "2023-жыл: Орус тили КМШда улуттар аралык баарлашуунун тили катары", КМШ өлкөлөрүнүн маданияттарынын диалогун өнүктүрүү, “Шериктештиктин жалпы илимий жана билим берүү мейкиндиги”, “Шериктештик өлкөлөрүнүн жаштары волонтердук демилгелерде”, “Чыңгыз Айтматов жана заманбаптык” темаларына арналып, талкуу аянтчалары форматында уюштурулду.

Форумдун алкагында мамлекеттер аралык "Шериктештик жылдыздары" жана "Шериктештиктин дебюту" сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо аземи, шериктештиктин 2024-жылдагы маданий борбору Самарканд шаары, шериктештиктин 2024-жылдагы жаштар борбору Ташкент шаары жана шериктештиктин 2024-жылдагы спорт борбору Армениянын Гюмри шаарларынын бет ачарлары, КМШга катышкан мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча кеңешинин жана КМШга катышкан мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун башкармалыгынын биргелешкен жыйыны, КМШга катышкан мамлекеттердин маданий кызматташтык боюнча кеңешинин жыйыны, КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин жыйыны, КМШнын театралдык бирликтеринин жетекчилеринин тегерек столу жана КМШнын жаштар симфониялык оркестринин концерти өттү.

Форумдун катышуучулары шериктештик өлкөлөрүнүн интеллигенциясынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу формасы, гуманитардык чөйрөдө билим, идея жана кызматташуунун мыкты тажрыйбалары менен ачык алмашуу, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жаңы жоопторду биргелешип издөө үчүн стимул катары анын ишин жогору баалашты.

Пикир

Оставить комментарий