• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

2021-жылы прокурордук чара көрүү актыларынын негизинде 1,2 млрд сом өндүрүлгөн

Коом 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. 2021-жылы прокурордук чара көрүү актыларынын негизинде 1 млрд 288 млн 728 миң сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде 193 млн 219 миң сом акчалай түрдө, ал эми 1 млрд 95 млн 508 миң сом натуралдык түрдө өндүрүлгөн.

"Булардын ичинде жалпы аянты 1 125 гектарды түзгөн 96 жер тилкеси жана 20 социалдык объектилер (2 аптека, 1 спортклуб, 9 бала бакчанын имараттары, 5 фельдшердик борбор, билим берүү мекемелерге караштуу 3 жер тилке) бар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий