• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Бомба тууралуу жалган маалымат таратууга 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган

Коом 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Билип туруп даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө жалган кабарлоо - беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

"Бомба" жөнүндө билдирүү менен сиз коомдук коопсуздукка кол салып, уюмдардын жана ишканалардын нормалдуу ишин бузуп, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрүн жана каражаттарын башка жакка буруп, конкреттүү жарандардын кызыкчылыгына зыян келтиресиз.

Сиз “бомба” (террордук акт) тууралуу жалган маалымат таратарыңыз менен кылмыш аяктаган деп эсептелет. Мындай кылмыштар ар кандай жазалышы мүмкүн: оозеки, жазуу, уюлдук телефон менен чалуу, интернет мейкиндигинде билдирүү. Көп учурда маалымат жашыруун берилет, бирок, кылмыш-жаза жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалымат бердиби же жок- бул маанилүү эмес", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мындай аракеттердин себеби ар кандай болушу мүмкүн: бейбаштык, укук коргоо органдарынын ишинин "сапатын" текшерүү же болбосо ишканалар менен мекемелердин демейдеги иш тартибин бузуу. Жыйынтык - бул КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесинде ("Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо") каралган кылмыш билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо - беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскерте кетсек, акыркы күндөрү Бишкекте билим берүү мекемелеринде бомба коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат таратуу боюнча 2 факты катталып, окуучулар эвакуацияланган.

Пикир

Оставить комментарий