• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

2022-жылдагы электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү — статистикалык маалыматтар

Экономика 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. 2022-жылы жалпы республика боюнча энергетика тармагынын ишканалары тарабынан 13,9 млрд. кВт. саат электр энергиясы өндүрүлдү, бул 2021-жылга салыштырмалуу 8,3%га аз.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, мында анын көлөмүнүн 86%га жакыны гидроэлектростанциялар тарабынан өндүрүлдү.

2022-жылы 16,1 млрд. кВт. саат электр энергиясы керектелген. 550,0 млн. кВт. саат электр энергиясы республиканын чегинен тышкары чыгарылган (экспорттолгон), бул 2021-жылга караганда 0,7%га көп.

Керектелген электр энергиясынын жалпы суммасынын 132 млн. кВт. саатка жакыны жеке өндүрүштүк жана чарбалык муктаждыктарга жумшалган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 9%га аз.

Муну менен катар, 2022-жылы мурунку жылга салыштырмалуу өнөр жайда (электр энергиясын тиричилик муктаждыктарына жана калкка бөлүштүрүүнү кошкондо) – 0,4%га, курулушта– 5,5%га жана билим берүү чөйрөсүндө 1,7%га электр энергиясын керектөө көбөйдү.

Муну менен бирге айыл чарбасында (анын ичинде калктын тиричилик муктаждыктарына электр энергиясын бөлүштүрүү) электр энергиясын керектөө 2,1%га, ошондой эле мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги чөйрөсүндө электр энергиясын керектөө 3,7%га төмөндөдү.

2022 -жылы электр энергиясынын жалпы жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт. саатты түздү, анын 95,2%ы технологиялык жоготууларга туура келди.

2022-жылы пайдалуу берилген электр энергиясынын көлөмүнүн жарымынан көбү (57%ы) өнөр жайдын үлүшүнө (электр энергиясын коммуналдык-тиричиликтик керектөөлөргө жана калкка бөлүштүрүүнү кошкондо), 25,0%ы - айыл чарбасына (анын ичинде электр энергиясын калктын тиричилик керектөөлөрүнө бөлүштүрүү) туура келди, ал эми башка тармактардын жалпы көлөмдөгү үлүшү 18%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий