• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 166 млрд сомду түзүп, 3,8%га төмөндөгөн

Экономика 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылы январь-апрель айларында болжолдуу маалыматтар боюнча ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 166 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Элвира Исенкулова брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 пайызга аз.

"“Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда ИДПнын көлөмү дээрлик 148 млрд сомду тузүп, 1,1%га төмөндөгөн. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 98 млрд сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 12%га азайган", - дейт адис.

Пикир

Оставить комментарий