2022-жылы өлкө боюнча лизингге 3 млрд сомго 983 даана техника берилди

Коом 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. 2022-жылы өлкө боюнча лизингге 3 млрд сомго 983 даана техника берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Облустар боюнча алып карасак:

Чүй облусуна 1 млрд 114,4 млн сомго 282 техника берилген;
Ысык-Көл облусуна 613,9 млн сомго 232 техника берилген;
Ош облусуна 504,5 млн сомго 159 техника берилген;
Жалал-Абад облусуна 400,7 млн сомго 157 техника берилген;
Талас облусуна 137,1 млн сомго 62 техника берилген;
Нарын облусуна 161,1 млн сомго 64 техника берилген;
Баткен облусуна 73,6 млн сомго 25 техника берилген.

Пикир

Оставить комментарий