• 87.9
  • 95.55
  • 0.99

Жалал-Абад шаарында көчөлөрдү кардан тазалоо уланууда

Аймак 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында күнү-түнү жолдор, тротуарлар кардан тазаланып, кум, туз себүү уланып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар тазалоого мэриянын жол башкармалыгы, Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынан жана "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинен жалпы 10 техника, 60ка чукул жумушчу тартылды.

Белгилей кетсек, шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен шаардагы тийиштүү мекеме-ишканалар күчөтүлгөн тартипте, нөөмөт менен иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий