• 87
  • 90.41
  • 0.84

2022-жылы өлкө боюнча жер мунапысына байланыштуу 71 миң 794 кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 28.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы өлкө боюнча жер мунапысына байланыштуу 71 миң 794 кайрылуу түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын ноябрь айында президент Садыр Жапаров Ак-Өргө конушунда эл менен жолукканда жер мунапысы боюнча тапшырма берген.

“Ага ылайык, атайын мыйзам жана жоболор иштелип чыгып, бүгүнкү күндө аларды ишке ашыруу боюнча жумуштар жүрүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, 29 миң гектардан ашык жер трансформацияга тийиш болуп эсептелинет. Анын ичинен 107 жарандын турак-жайы жана пайдубалы курулуп бүтпөй калган 15 миң имаратты мыйзамдаштыруу каралган”, - дейт ал.

Мырзаев кошумчалагандай, 26-декабрга карата өлкө боюнча 71 миң 794 кайрылуу түшүп, 8 миң 273 адамдын тизмеси коомдук талкууга коюлган. 12 миң 237 техникалык паспорт берилип, 444 жаранга мамлекеттик акт түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий