• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Билим берүү министри жаштар менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 27-декабрда алгачкы агартуучу-илимпоз Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган “Жаштар жаратмандардын жолу менен” аталышындагы жолугушуу болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык. жолугушууга билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, окуучулар, студенттер жана жаш мугалимдер катышты.

Министр Уланбек Мамбетакунов жаштар коомдун өнүгүшүндө чоң роль ойной турганын белгилеп, министрлик ар дайым жаштардын сунуштарын, идеяларын угуп, колдоого аларын айтты.

Жолугушууда И.Арабаев тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, интеллектуалдык оюндун жеңүүчүлөрүнө диплом жана китептер тапшырылды.

Жеңүүчүлөр:

I орун – Зарина Калыбек кызы;

II орун – Токтобү Эстебес кызы;

III орун – Кутман Асангулов.

Пикир

Оставить комментарий