2023-2024-окуу жылынын аттестаттары кагаз жана электрондук версияларда даярдалууда

Билим 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. 2023-2024-окуу жылынын аттестаттары менен күбөлүктөрү кагаз жана электрондук версияларда даярдалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.

Анын айтымында, бүтүрүүчүлөрдүн баалары азыр түздөн-түз министрликтин электрондук базасына келип түшөт. Ал жактан маалыматтарды "Учкун" ААК 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатынын жана 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн орто билими тууралуу күбөлүгүнүн кагаз түрүндөгү вариантын жасоо үчүн алышат.

"Буга чейин бардык баалардын кагаздагы форматын мектеп директорлору такси менен "Учкун" басмаканасына жеткирип келишкен. Бул өз кезегинде маалыматтарды корголуусуна жана коопсуздугуна чоң көйгөйлөрдү жаратчу. Азыр бул процедура электрондук форматка өткөрүлүп, акча каражаттарын жана убакытты үнөмдөөгө, коррупциялык учурларды жок кылууга жана адам факторун азайтууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. 15-июнда мектептерде мамлекеттик экзамендер аяктары менен бардык баалар министрликтин электрондук базасына жиберилет. Ал эми даяр аттестаттар "Түндүк" тиркемесинде жеткиликтүү болот", - деди ал.

Ошондой эле "Түндүктө" 2018-жылдан берки аттестаттар жеткиликтүү. Аларды Билим берүү жана илим министрлиги акыркы 6 жылдын ичинде санариптештирген.

Мамлекеттик документтердин электрондук варианттары аттестаттардын жана күбөлүктөрдүн реестринде https://attestat.edu.gov.kg дарегинде жайгаштырылат. Ошентип, дубликаттарды алуу жана жоголгон аттестаттарды жана күбөлүктөрдү калыбына келтирүү оңойго турат.

"Учкун" ААКтын персондоштуруу бөлүмүнүн башчысы Элеонора Шакетаева белгилегендей, ишкана 127 миң күбөлүктү жана 73 миң даана аттестатты басып чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий