• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанда окуучулар үчүн 1,2 млн окуу китеби басылып чыгат

Билим 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн 1 млн 278 миң даана окуу китептери басылып чыгат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Султаналиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы күндөрү мектеп китептеринин жетишсиздиги боюнча маселе көтөрүлүп, министр бул көйгөй жыл сайын август, сентябрь айларында жаралып жатканын, ошондуктан китеп менен камсыздоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Министрликтин кызматкерлери Кыргызстандын билим берүү мекемелериндеги окуу куралдарына байланыштуу актуалдуу болуп жаткан бир катар суроолорго жооп беришти.

1. Бул жылы канча окуу китеби басылып чыгат?

Жалпысынан 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, эмгек китептери, окуу-усулдук колдонмолор басылып чыгып, 2023-жылдын сентябрынан тартып мектептерге жеткириле баштайт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 10 эсеге көп, 2022-жылы 123 миң китеп басылып чыккан. э

2. Китептер кайсыл басмаканадан басылып чыгат?

КР президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө” жарлыгына ылайык Кыргысзстандын билим берүү мекемелери үчүн окуу китептери "Учкун" ачык акционердик коому басып чыгарат.

Буга чейин китептер жеке басмаканалардан басылып чыкканы үчүн баалары жогору болуп келген.

3. Окуу китептерин басып чыгаруу үчүн бюджеттен канча акча бөлүнөт?

2023-жылга республикалык бюджеттен окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга бөлүнгөн каражаттарды жана окуу китептерин ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын жыйынтыгын чыгарсак, анда 324 млн сом (республикалык бюджеттен 152 млн сом, окуу китептерин ижарага берүүдөн 172 млн сом) каралган.

4. Бардык окуучулард окуу китептери менен камсыздоо үчүн канча каражат керектелет?

Орточо алганда эгер бир окуучуга 10 китеп керек болуп, бир китептин баасы 300-350 сом болсо, анда 1 млн 447 миң 717 окуучу үчүн 5 млрд сомдон ашуун каражат керектелет.

5. Бул жылы кандай китептер жана окуу куралдары басылып чыгат?

Быйыл төмөнкү китептер жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып, таратылат:

  • “Алиппе” (1-кл.),
  • “Физика” (7-8-кл.),
  • “Информатика” (7-9 кл.),
  • “Химия” (8-кл.),
  • “Адам жана коом” (7-9-кл.),
  • “Диндердин өнүгүү тарыхы” (7-8-кл.)
  • “Англис тили” (Оксфорд басмасынын китептери) (7-8-класс).

6. Ижарага берилүүчү окуу китептеринин тизмеси жана ижара акысынын өлчөмү боюнча кандай чечим кабыл алынды?

2023-2024-жылдарга бир китептин ижара акысы 25 сомду түзүп, ал жылына бир жолу төлөнөт.

Тартипке ылайык, муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу китептери акысыз же жеңилдетилген шартта берилет.

Жалпысынан 2023-2024-окуу жылында мектептер үчүн 110 окуу китеби ижарага берилген.

7. Эмне үчүн китептер базарларда сатылууда?

Билим берүү жана илим министрлиги жакында эле басылып чыккан жана басууга даярдалып жаткан бардык окуу-методикалык комплекстерге ээ эмес. Кээ бир окуу китептеринин автордук укугу жеке басмаканаларда.

Авторлордун мүлктүк укуктары "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" КР мыйзамы менен жөнгө салынат. Эгерде кандайдыр бир жеке же юридикалык жак пайда көрүү максатында контрафакттык продукцияны даярдоого же таратууга байланыштуу мыйзамсыз аракеттерге барса, анда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Пикир

Оставить комментарий