• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

2023-жылдын I кварталында бажы төлөмдөрү 1 млрд сомго ашык чогултулду

Коом 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында бажыдан 20,7 млрд сом төлөм чогултуп, планды 105%га ашык аткарды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев билдирди.

Анын айтымында, Финансы министрлиги 2023-жылдын биринчи жарымына Бажы кызматына 19,7 млрд сом чогултуу планын койгон, ошентип бажы төлөмдөрү 1 млрд сомго ашык чогултулду.

- Январь айына карата 5,7 млрд сом чогултуу пландалган, 6,1 млрд сом чогултулуп, план 105,8%га ашык аткарылган. Бул 2022-жылдын ушул айына салыштырмалуу 330 млн сомго көп;

- Феврайыл айына карата 6,4 млрд сом чогултуу пландалган, 6,5 млрд сом чогултулуп, план 101,5%га ашык аткарылган. Бул өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу 1 млрд сом көп;

- Март айына карата 7,6 млрд сом чогултуу пландалган, 8,1 млрд сом акча чогултулуп, план 107,5%га аткарылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 млрд 629 млн сомго көп чогултулган.

Пикир

Оставить комментарий