• 87
  • 90.41
  • 0.84

2023-жылы Кыргызстанда кылмыштуулук 7%га азайган

Коом 0

Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. 2023-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанда кылмыштуулук 7%га азайган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы республика боюнча 41 961 кылмыш катталган, бул 2022-жылга салыштырмалуу 7%га аз.

"Анын ичинен 4 миң 968и оор жана өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирет. Катталган кылмыштардын 65%ынын бети ачылып, өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин ачылышы 17%га өскөн", - деди ал.

Ошондой эле башкы прокурор 2023-жылы тергөө органдары тарабынан 28 миң 289 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, 9 миң 603 кылмыш иши соттук кароого жиберилсе, 18 миң 685 кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий