2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 15 пайызга жогорулатуу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 17.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 15 пайызга жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу билдирди.

“Учурда Соцфонддун бюджети бекитилип жатат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 1,5 млрд сомго (15 пайызга) көбөйтүү пландалууда. Ал эми базалык бөлүгүн биздин бюджет бекитилгенден кийин айта алабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулап, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15 пайызга жогорулады.

Пикир

Оставить комментарий