• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май менен камсыз болгон, жетишсиздик жок – Антимонополия

Экономика 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май менен камсыз болгон, жетишсиздик байкалбайт, деп билдирет Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2023-жылы 21-сентябрда Россияда бензин жана дизель майын экспорттоого убактылуу чектөө киргизген. Мындай чара ички рынокту турукташтыруу үчүн киргизилген.

Бирок, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнө, анын ичине Кыргызстанга тиешеси жок. Дизель майынын баасы жайдан бери көп жолу өзгөрүлдү. Эксперттер дизель майына болгон баанын өсүшүн "көмүскө" эксперттоо менен байланыштырышууда.

Россияда чектөөлөр киргизилгенден кийин күйүүчү майдын баасы арзандай баштады. Санкт-Петербург эл аралык соода биржасынын маалыматы боюнча, 21-сентябрда бензин 5,7%, дизель майы 2,15% арзандады.

Пикир

Оставить комментарий