• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

2023-жылы токой фондунун 2260 га аянтына экме токой отургузуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. 2023-жылы мамлекеттик токой фондунун 2260 га аянтына экме токой отургузуу пландалууда. Бул утуралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен жаз айларында Талас облусуна – 75 га, Чүй облусуна – 195 га, Нарын облусуна – 130 га, Ысык-Көл облусуна - 270 га, Ош облусуна – 275 га, Баткен облусуна – 655 га жана Жалал-Абад облусуна – 660 га аянтка экме токой отургузулат.

Мурунку жылдардын экме токойлорун толуктоо жана жашылдандыруу иштерине жалпы 5 млн 927 миң даана стандарттык көчөттөр өстүрүлдү, анын ичинен 3 млн 832 миң даанасы себилме жана 2 млн 95 миң даанасы эгилме көчөттөр.

Талас облусуна – 204,7 миң, Чүй облусуна – 417,5 миң, Нарын облусуна – 510,8 миң, Ысык-Көл облусуна – 827,5 миң, Ош облусуна – 539,3 миң, Баткен облусуна – 375,5 миң, Жалал-Абад облусуна – 3 млн 51 миң даана стандарттык көчөттөр өстүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий