Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. 2024-жылдын планына Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 602 млрд сом менен бекитилди.
Өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин 2010-жылдан 2023-жылга чейинки өсүү динамикасын сунуштайбыз.
2010-жылы бийликке келген Роза Отунбаеванын маалында өлкө казынасы 96,5 млрд сом болгон.
Ал эми 2011-жылы Алмазбек Атамбаев бюджетти 125,2 млрд сом менен баштаган.
- 2012-жыл — 142,5 млрд сом;
- 2013-жыл — 154,8 млрд сом;
- 2014-жыл — 182,5 млрд сом;
- 2015-жыл — 196,1 млрд сом;
- 2016-жыл — 216,5 млрд сом;
- 2017-жыл — 229,6 млрд сом.
Ошондо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда консолидацияланган бюджет 2011-жылдан тартып 2017-жылга чейин жыл сайын орточо эсеп менен 30-40 млрд сомго өскөн.
2018-жылы бийликке келген Сооронбай Жээнбековдун учурунда бюджет 221,7 млрд сомду түзүп, бул көрсөткүч 2019-жыл 239,6 млрд сомго 2020-жыл 247,7 млрд сомго жеткен.
Сооронбай Жээнбековдун башкаруучундагы 3 жылда консолидацияланган бюджет орточо эсеп менен болгону 10 млрд сомго өскөн.
2020-жылдын соңунда Кыргызстандын бюджетин президент Садыр Жапаров 247,7 млрд сом менен колуна алган. Бул көрсөткүчтү 2021-жылы 313,1 млрд сомго жеткирди.
Ал эми 2022-жыл 443,1 млрд сомго, 2023-жыл 574,5 млрд сомду чапчыган.
Башкача айтканда, президент Садыр Жапаровдун 3 жылдагы башкаруусунда өлкөнүн консолидацияланган бюджетти эки эсе өсүп, казына жыл сайын 100 млрд сомдон ашык каражатка толтурулууда.
Соңку 3 жылда бюджеттин өсүп жатышы эң ириде айлык акылардын, пенсия, жөлөк пулдардын көбөйүшүнө алып келди. Жер жерлерде жүздөгөн жаңы оорукана, мектеп, бала бакчалар ачылды. 60 өндүрүш ишканасы ачылып, миңдеген жумуш орундары түзүлдү. Темир жол, ири ГЭСтер, аэропорттор куруулууда.
Эң эле алкоого алынганы бул Кыргызстан тарыхында биринчи жолу материалдык-техникалык базасын чыңдаганы болду.
2024-жылдын планына консолидацияланган бюджети 602 млрд сом менен бекитилди.
Пикир
Оставить комментарий