• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Унаа, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү 4-сентябрда аяктайт

Экономика 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Унаа, турак жай жана батир, ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөөнүн акыркы күнү дем алыш күндөрүнө туш келгендиктен, бул салыктарды төлөө мөөнөтү 4-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Салыктарды төлөөгө жетишпей калгандар калган күндөрү, анын ичинде 4-сентябрда төлөй алышат.

Салык органдары жарандарды 4-сентябрга чейин, анын ичинде майрам жана дем алыш күндөрү эртең мененки саат 9дан кечки саат 10го чейин кабыл алышат.

Салыктарды айрым банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндөгү административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелмекчи.

Кеңири маалыматты 194 телефон номуру же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий