• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2025-жылы Кыргызстан боюнча 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат

Билим 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Дүйнөлүк банк менен биргеликте 2025-жылдын май айына чейин Кыргызстан боюнча 560 кыска мөөнөттүү балдар бакчасы ачылып, мында 40 миң баланы мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйында билдирди.

Министр учурда республика боюнча 1 834 мектепке чейинки билим берүү уюму бар экендигин айтты.

  • мектепке чейинки курактагы балдардын саны – 1 млн 110 миң 343,
  • балдар бакчасындагы балдардын саны – 220 миң 12,
  • мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тарбиячылардын саны – 9 миң 796ны түзөт.

Мындан сырткары, Кендирбаева ЮНИСЕФ биргеликте жалпы жонунан 248 балдарды өнүктүрүү борбор түзүлүп, 7 миңден ашуун бала тартылгандыгын айтты.

Ошондой эле Ага-Хан фонду, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Аймактарды өнүктүрүү жана социалдык кызматташтык” коомдук фонду, “Өкмөттүк акселераторлор” программасы, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен биргеликте аткарылган иштер жана административдик-аймактык реформанын алкагында ачылган бала бакчалардын ишин да кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий