• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окуткан мугалимдер жетишсиз – Үсөналиев

Билим 0

Бишкек, 02.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда педагогика багытындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окуткан мугалимдер жетишсиз. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл бүтүрүүчүлөр үчүн бардык тармак боюнча 5 миңдей бюджеттик орун берилет.

"Педагогика багытындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окуткан мугалимдер жетишсиз. Ошондой эле Баткенде башталгыч класстын орус тилдүү мугалимдерине дагы суроо-талап жогору. Мындан улам Россиядан 30 мугалим келген", - дейт ал.

Үсөналиев жалпы республикалык тестирлөөнүн босого чеги 2021-жылы кандай болору боюнча кеңеш өткөрүлөрүн белгиледи.

"Былтыр айыл чарба багытындагы кесиптердин босого баллын түшүрүп бергенбиз. Мындан сырткары, куралдуу күчтөр, ички иштер, көркөм өнөр жана дене тарбия институтунун босого баллы түшүрүлгөн. Башкаларында кажет жок эле", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий