• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүү боюнча кеңеш өттү

Коом 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Бишкекте кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясынын экспортун жогорулатуу, жашыл айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча эксперттик кеңештин жолугушуусу өттү.

Суу ресуратары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынан билдиришкендей, эксперттик кеңеш 2030-жылга карата айыл чарба продукциясынын экспортун 2 эсеге көбөйтүү, 2040-жылга карата айыл чарба продукциясын 50 пайыздан кем эмес кайра иштетүү иш-аракеттерин ишке ашырууда көмөк көрсөтүү максатында уюштурулду.

Жыйында айыл чарбасында кайра иштетүүнү илгерилетүү жана КР президентинин "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу маселелери каралды.

Ошондой эле жылдын экинчи жарымында ишке ашырууга мүмкүн болгон негизги багыттарды аныктоо жана аныкталган багыттарды ишке ашырууда иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана жоопкерчиликтүү тараптарды тактоо, региондук кластерлерди ачуу боюнча талкууда баасы чыкпай талаада, же бакчада калган жер жемиш, мөмө жемиш көйгөйлөрүн чечүү маселелери каралды.

Белгилей кетсек, Министрликтин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти кайра иштетүү тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар тараптарды кызматташууга чакырат. Байланыш үчүн: 0312661229; 0555508220, nurdinova.jypara@mail.ru.

Пикир

Оставить комментарий