• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

21-25-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 21-25-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 21-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-мартта эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 22-мартта күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-мартта күндүз жана 22-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-мартта күндүз жана 24-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-мартта күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-мартта күндүз жана 25-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий