Бишкек, 17.04.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Бишкектин айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, “Батыш-2” суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу 21-апрелде саат 9:00дөн 15:00гө чейин борбор калаанын төмөнкү райондорунда суу берүү токтотулат.
- Ала-Арча дарыясы - темир жол линиясы - Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;
- Жаш Гвардия бульвары - темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү - Манас проспектиси;
- Дэн Сяопин проспектиси - Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү - Кулиев көчөсү - Москва – көчөсү – Фучик көчөсү - Казаков көчөсү.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууларын суранат.
Пикир
Оставить комментарий