• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

21-апрелге чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. 15-апрелде күндүз жана 16-18-апрелдерде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жааашы күтүлөт.

20-апрелде түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жана 21-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде 14 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-апрель күндөрү Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-17-апрелдерде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 16-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде күндүз жана 16-17 апрелдерде айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-апрелдерде Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-апрелде күндүз жана 16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-апрелде күндүз жана 17-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде жана 19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде күндүз жана 16-17 апрелдерде айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-апрелдерде Талас шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-апрелде күндүз жана 16-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

16-апрелде күндүз жана 17-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.17-апрелде күндүз жаан жаашы күтүлөт.

18-апрелде жана 19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-апрелде күндүз жаан жаашы мүмкүн.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде күндүз жана 16-апрелде 14 метрге жетиши күтүлөт.15-21-апрелдерде Ош облусунда күтүлгөн аба-ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-апрелде күндүз жана 16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-апрелде күндүз жана 17-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 18-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 19-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жаан жаап, күн куркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде күндүз жана 16-17 апрелдерде айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-апрелдерде Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-апрелде күндүз жана 16-17-апрелдерде жана 18-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.18-апрелде күндүз жана 19-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-апрелдерде Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-апрелде күндүз жана 16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-апрелде күндүз жана 17-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 18-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 18-апрелде күндүз жана 19-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

19-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде күндүз жана 16-17 апрелдерде айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-апрелдерде Жалал-Абад шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

16-17-апрелдерде жана 18-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

18-апрелде күндүз жана 19-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт

15-21-апрелдерде Баткен облусунда күтүлгөн аба-ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-апрелде күндүз жана 16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-апрелде күндүз жана 17-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.17-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде күндүз жана 19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 19-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде күндүз жана 16-17 апрелдерде айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-апрелдерде Баткен шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-апрелде күндүз жана 16-17-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн.

18-апрелде күндүз жана 19-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-апрелдерде Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

17-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде күндүз, 16-17 апрелдерде айрым жерлерде 17-22 метрге жана 18-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-апрелдерде Каракол шаарларында күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-апрелде күндүз жана 16-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

17-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

18-19-апрелдерде жана 20 апрелде түнкүсүн мезгил мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

20-21-апрелдерде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде күндүз жана 16-18-апрелдерде 14 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-апрелдерде Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде күндүз жана 16-17 апрелдерде айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

15-21-апрелдерде Нарын шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

16- апрелде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

17-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

19-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-апрелде күндүз жана 16-17-апрелдерде 14 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий