• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек – Анкара – Бишкек багыты боюнча биринчи жолу жаңы авиакаттам ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 14.04.23./Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААК AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте биринчи жолу Анкара – Бишкек – Анкара багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ачууну максат кылууда.

AnadoluJet авиакомпаниясы (лоукостер, Turkish Airlines компаниясына туунду) биринчи жолу Бишкек Анкара боюнча жумасына 4 жолу авиакаттам ачууну көздөөдө. Каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат.

Ал эми 2023-жылдын август айынан баштап каттамдар күнүнө аткарылмакчы.

Аталган авиакаттам Boeing 737 учагы менен ишке ашырылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий