• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

22-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда, күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 9…14 градус, Талас облусунда 8…13, Ысык-Көлдө 2…7 градус, Нарын облусунда болсо күндүз -3…+2 градус жылуу болот.

Ао эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү табы 11…16 градуска жетет.

Бүгүн Бишкек шаарында күн ачык болот, абанын температурасы күндүз 12…14 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий