• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

22-январга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 22-январга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл облусунда -4...+1, Нарын облусунда -5...-10 градус болот.

Бишкек шаарында +5...+7 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий