• 87
  • 90.41
  • 0.84

22-сентябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-сентябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Талас жергесинде +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл менен Нарында +9...+14 градус жылуу болот. Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы Бишкекте +15...+17, Ошто +20...+22 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий