• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

22нен 26-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22нен 26-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, эртең, 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, тоолуу райондордо, Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарыныны кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Нарын облусунда, Ысык-Көл акваториясында, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы, кээ бир райондордо кар катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда кар жаап, кээ бир райондордо кар катуу жаашы күтүлөт, күндүз кар кээ бир райондордо жаашы күтүлөт. 26-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, 25-ноябрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-28-ноябрларда туруксуз аба-ырайы сакталып турат, жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий