• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

23-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий