Бишкек, 28.09.17. /Кабар/. 29-сентябрда, түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда, 30-сентябрда күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
Абанын температурасы:
Чүйдө өрөөнүндө
түнкүсүн 1...6
күндүз 6...11
Таласта өрөөнүндө
түнкүсүн 1...6
күндүз 6...11
Баткенде түнкүсүн 7...12
күндүз 13...18
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн 7...12
күндүз 13...18
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн 3...8
күндүз 6...11
Нарын облусунда
түнкүсүн 2...7
күндүз 9...14.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3 …5°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10°.
Пикир
Оставить комментарий