• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

24-августка карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас облусунда +31...+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл облусунда +24...+29, Нарын облусунда +25...+30, ал эми Бишкек шаарында +33...+35, Ош шаарында +35...+37 жана Чолпон-Атада +26...+28 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий