• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанга чартердик каттамдар менен 3 миңге жакын жарандарыбыз алынып келинет – Акышев

Коом 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Кыргызстанга чартердик каттамдар менен 3 миңге жакын жарандарыбыз алынып келинет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, Россия, Дубай, Делиден учуп кете албай калган кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштерди жүргүзүлдү. “Үч күндө чет өлкөлөрдөн 3 миңге жакын кыргыз жарандарын алып чыгып кетебиз. Эгерде дагы калып калгандар болсо, биз кошумча каттамдарды уюштурабыз. Ошондой эле бүгүн кечке чейин дээрлик 12 каттам учуп келет”, - дейт Акышев.

Жарандык авиация агенттигинин директору кошумчалагандай, учууларды “Аэрофлот”, “Урал аба каттамдары”, “Fly Dubai” компаниясы ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий