24-ноябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 24-ноябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты

Ага ылайык, бүгүн Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +12...+17, Талас облусунда +11...+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көл облусунда +3...+8, Нарын облусунда +2...+7 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +15...+17 градуска жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий