• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстан менен Чжэцзяндын тигүү ишканаларынын ортосунда түз кызматташуу түзүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева Кытайдын Чжэцзян провинциясынын Кытайдын эл аралык соода палатасы (CCOIC) менен кызматташуу маселелери боюнча тегерек столго катышты.

КР ТИМден билдиришкендей, иш-чаранын негизги максаты CCOICнын ишмердүүлүгү менен таанышуу, ошондой эле кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду.

Аталган иш-чарага дипмиссиялардын жана эл аралык институттардын өкүлдөрү катышып, өз уюмдарынын ишмердүүлүгү, кытай тарап менен кызматташуу тууралуу кыскача маалымат беришти.

Элчи Мусаева Кыргызстандын тигүү тармагы тууралуу маалымат берип, тигүү жабдууларынын 95% Чжэцзян провинциясынан алып келингенин белгиледи. Буга байланыштуу Чжэцзян провинциясынын текстиль компаниялары менен Кыргызстандын тигүү ишканаларынын ортосунда түз кызматташууну түзүүнү сунуштады.

Тараптар 2024-жылдын жазында Чжэцзян провинциясынын делегациясынын сапарын Кыргызстанга, ошондой эле Кытайдын Ханчжоу шаарында 2024-жылдын май айында өтүүчү текстиль жарманкесине Кыргызстандын тигүү ишканаларынын катышуусун уюштурууну макулдашты.

Мындан тышкары Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жөнүндө презентация көрсөтүлдү.

Маалымдама: 1996-жылы негизделген Кытайдын эл аралык соода палатасы (CCOIC) Кытайдын эл аралык сооданы өнүктүрүү боюнча комитетинмн курамына кирет. CCOIC — бул Кытайдын тышкы соода менен алектенген жеке ишканаларынан, мамлекеттик уюмдарынан жана институттарынан турган уюм.

CCOIC 100 миңден ашуун мүчөсү бар Кытайдын эң ири эл аралык соода палаталарынын бири. CCOIC улуттук жана чет өлкөлүк коммерциялык ассоциациялар менен өз мүчөлөрүнө жана башка компанияларга эл аралык алмашууларга, соода кызматташтыгына, юридикалык консультацияга, рыноктук маалыматка, көргөзмө иш-чараларды пландаштырууга, долбоордук инвестицияларды жарнамалоого жана бизнес-окутууга байланышкан кызматтарды көрсөтүүнүн алкагында кызматташат.

Пикир

Оставить комментарий